• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 554 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 554 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 41 учур катталган. Ал эми 55 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылды.

Учурда өлкөдө 3 миң 554 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 783ү айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 14 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий