• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 6 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 56 учур катталган. Ал эми 35 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

"Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган. 22-майдан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен парк, музейлер жана көркөм галереяларды ачуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 3 миң 6 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 407си айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 13 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий