• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 37, 3 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 37 миң 366 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 606 жаңы учур катталды. Ал эми 721 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өлкөдө коронавирустан 32 миң 994 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 250 бейтап каза болду. 4 миң 172 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 330 адамдын абалы оор болсо, 96ынын абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий