• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 37 миң 825 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 37 миң 825 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 459 жаңы учур катталды. Ал эми 450 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өлкөдө коронавирустан 33 миң 442 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 256 бейтап каза болду. 4 миң 127 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 255 адамдын абалы оор болсо, 66ынын абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий