• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 38,2 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 38 миң 231 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 406 жаңы учур катталды. Ал эми 546 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өзбекстанда коронавирустан 33 миң 989 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 262 бейтап каза болду. 3 миң 980 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 277 адамдын абалы оор болсо, 96ынын абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий