• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 38 миң 698 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 38 миң 698 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 467 жаңы учур катталды. Ал эми 587 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өзбекстанда коронавирустан 34 миң 576 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 267 бейтап каза болду. 3 миң 853 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 259 адамдын абалы оор болсо, 116ынын абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий