• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 390 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 290 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы жаңы катталган учурлар чет өлкөдөн келгендерден жана стационарда карантинде жаткан жарандардан, ошондой эле алар менен байланышта болгондордон аныкталган.

Өлкө боюнча коронавирустан 30 адам толугу менен айыкты, ал эми илдеттен эки адам көз жумду. 144 миңден ашуун адам стационардык жана үй карантинине алынган.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий