• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 40,1 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 40 миң 195 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 405 жаңы учур катталды. Ал эми 1 миң 11 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өзбекстанда коронавирустан 36 миң 562 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 296 бейтап каза болду. 3 миң 338 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 294 адамдын абалы оор болсо, 139унун абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий