• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 41,3 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 41 миң 303 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 350 жаңы учур катталды. Ал эми 412 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өзбекстанда коронавирустан 38 миң 359 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 311 бейтап каза болду. 2 миң 633 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 276 адамдын абалы оор болсо, 138инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий