• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 43 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 43 миң 169 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 266 жаңы учур катталды. Ал эми 293 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өлкөдө 4-сентябрдан тарта мечиттердин иштөөсүнө уруксат берилди, ал эми 5-сентябрдан тарта кинотеатрлар, сейил бактар, ошондой эле карантиндик коопсуздук чараларын так сактоо менен коомдук тамактануу жайлары (кафе, ресторан, ашкана жана чайканалар) өз ишин жандантты.

Өзбекстанда коронавирустан 40 миң 432 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 341 бейтап каза болду. 2 миң 396 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 368 адамдын абалы оор болсо, 179унун абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий