• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 45 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 45 миң 160 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 603 жаңы учур катталды. Ал эми 314 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан 42 миң 212 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 368 бейтап каза болду. 2 миң 580 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 427 адамдын абалы оор болсо, 224үнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий