• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 47,6 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 47 миң 620 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 578 жаңы учур катталды. Ал эми 491 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 44 миң 2 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 388 бейтап каза болду. 3 миң 224 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 483 адамдын абалы оор болсо, 246сынын абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий