• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 5,1 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 5 миң 103 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 103 учур катталган. Ал эми 69 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жандантты.

Пикир

Оставить комментарий