• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 53 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 53 миң 51 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 506 жаңы учур катталды. Ал эми 618 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 48 миң 606 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 442 бейтап каза болду. 3 миң 384 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий