• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 54 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 54 миң 181 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 514 жаңы учур катталды. Ал эми 609 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 50 миң 441 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 448 бейтап каза болду. 3 миң 292 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий