• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 55 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 55 миң 132 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 472 жаңы учур катталды. Ал эми 504 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 51 миң 458 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 451 бейтап каза болду. 3 миң 218 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий