• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 56,5 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 56 миң 519 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 451 жаңы учур катталды. Ал эми 504 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 52 миң 970 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 468 бейтап каза болду. 3 миң 81 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий