• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 57,4 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 57 миң 454 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 457 жаңы учур катталды. Ал эми 498 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 53 миң 457 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 472 бейтап каза болду. 3 миң 27 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий