• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 58,4 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 58 миң 421 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 497 жаңы учур катталды. Ал эми 398 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 54 миң 456 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 477 бейтап каза болду. 3 миң 88 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий