• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 59,5 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 59 миң 579 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 338 жаңы учур катталды. Ал эми 414 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 56 миң 165 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 491 бейтап каза болду. 2 миң 923 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий