• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 6 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 16.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Koronavirus Info телеграмм-каналында маалымдалат.

Белгилей кетсек, кечээ Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталган. Илдетти жуктуруп алган адам Франциядан келгендиги маалым болду. Бүгүн анын уулу менен кызынан да коронавирус табылган.

"Төртүнчү учур Өзбекстандын жаранынан табылган. Ал 15-мартта саат 05.50дө Стамбулдан учуп келген", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын бийлиги илдеттин жайылышына жол бербөө боюнча бир топ тиешелүү чараларды кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий