• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 6 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 6 миң 25 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 170 учур катталган. Ал эми 74 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Учурда өлкөдө 6 миң 25 адам илдет жуктурса, анын 4 миң 273 айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 19 бейтап каза болду. 1 миң 733 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 15инин абалы оор болсо, бирөөнүн абал өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий