• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 60 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 60 миң 233 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 328 жаңы учур катталды. Ал эми 400 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 56 миң 976 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 492 бейтап каза болду. 2 миң 760 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий