• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 61,2 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 61 миң 205 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 361 жаңы учур катталды. Ал эми 365 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 58 миң 69 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 507 бейтап каза болду. 2 миң 629 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий