• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 63 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 63 миң 124 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 321 жаңы учур катталды. Ал эми 244 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 60 миң 80 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 524 бейтап каза болду. 2 миң 519 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий