• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 64,6 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 64 миң 633 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 298 жаңы учур катталды. Ал эми 311 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 61 миң 734 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 541 бейтап каза болду. 2 миң 358 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий