• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 65,4 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 65 миң 480 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 280 жаңы учур катталды. Ал эми 273 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 62 миң 625 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 550 бейтап каза болду. 2 миң 315 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий