• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 66,5 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 66 миң 542 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 229 жаңы учур катталды. Ал эми 267 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 1 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 63 миң 446 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 561 бейтап каза болду. 2 миң 267 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий