• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 66 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 66 миң 37 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 272 жаңы учур катталды. Ал эми 289 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 63 миң 876 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 557 бейтап каза болду. 2 миң 315 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий