• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 67,2 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 67 миң 254 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 199 жаңы учур катталды. Ал эми 231 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 64 миң 466 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 570 бейтап каза болду. 2 миң 217 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий