• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 67 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.11.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 67 миң 55 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 254 жаңы учур катталды. Ал эми 257 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 64 миң 235 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 566 бейтап каза болду. 2 миң 252 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий