• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны дээрлик 42 миң адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 41 миң 994 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 343 жаңы учур катталды. Ал эми 460 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тарта коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өзбекстанда коронавирустан 39 миң 275 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 317 бейтап каза болду. 2 миң 397 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 275 адамдын абалы оор болсо, 147инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий