• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны дээрлик 65 миң адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 64 миң 923 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 290 жаңы учур катталды. Ал эми 299 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 61 миң 734 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 542 бейтап каза болду. 2 миң 346 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий