• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда коронавируска байланыштуу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустук инфекцияга байланыштуу 30-марттан тарта жеке унаа менен жүрүүгө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Атайын республикалык комиссиянын чечимине шилтеме менен Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Атап айтканда, 30-март саат 06.00дөн тарта 20-апрель саат 00.01ге чейин облустар арасында, Ташкентте, Нукуста жана облустук борборлордо автоунаалардын жүрүүсүнө атайын берилген уруксат кагаздарынын негизинде гана уруксат берилет.

Бул уруксат кагаздары азык-түлүк, дары-дармек, медицина каражаттарын ташыган мекемелердин кызматтык жана атайын унаа каражаттарына, ошондой эле ушул мекемелерде иштеген кызматкерлердин жеке унааларына берилет.

28-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны 104 кишиге жетти.

Эске сала кетсек, аталган өлкөдө коронавирустун алгачкы учуру катталгандыгы тууралуу 15-мартта белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий