• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөө мартта башталат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөө марттын биринчи жарымында башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык кызматы билдирди.

Расмий маалыматта эң алгач эмдөөнү 65 жана андан жогорку жаштагылар, өнөкөт оорусу барлар, медицина, укук коргоо кызматкерлери жана мугалимдер алары айтылат.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө болот.

Өлкө боюнча 3 138 эмдөө бөлмөсү жана 820 мобилдик бригада түзүлдү.

Өзбекстан бийлиги быйыл калктын 20 пайызын эмдөөгө ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий