• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирустан 77 жаштагы кемпир каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда ишемби күнү коронавирустун кесепетинен 77 жаштагы кемпир каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кемпир 7-апрелден бери карантинде болгон. 77 жаштагы жаранда карантинге алынган күндө эле коронавирус жуктурганы аныкталган. Ошондой эле ал өнөкөт бронхит, оң өпкөсүндө ателектаз оорусу жана гипертония илдети менен жапа чегип келген.

Акыркы маалыматтарга караганда, Өзбекстанда COVID-19 вирусун 1 миң 490 жаран жуктурган. Алардын 194ү айыкса каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий