• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирустан 900дөн ашык адам айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустан 900дөн ашык адам айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн өлкөдө 25 адам илдеттен айыкты. Алардын эң улуусу 72 жашта болсо, эң кичүүсү 20 жаштагы жаран.

Өзбекстанда коронавирус жуктурган 1939 учур катталды. Алардын ичинен 997 жаран дарыланууда. Илдеттен 934 жаран айыкты жана каза болгондордун саны 8 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий