• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 1 миң 454 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Акыркы маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 1 миң 454 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн Бухара облусунда коронавирустан 35 бейтап толук айыгып чыкты. Алардын 26сы эркек жана 9у аял кишилер, эң улуусу 83 жашта болсо, ал эми эң кичүүсү 4 жашта. Ошондой эле Ташкент жана Самаркандда 14 бейтап коронавирустан айыкты.

Айыгып ооруканадан чыккандар реабилитацияга жөнөтүлдү.

Учурда Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 189у түзсө, илдеттен айыккандардын саны 1 миң 454 адамды түзөт. Ооруну жуктурган 10 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий