• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 1 миң 556га жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 1 миң 556га жетти.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бүгүн, 6-май күнү Ташкент медициналык академиясынын клиникасынан 6 жана Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий-изилдөө институтунун клиникасынан 3 адам коронавирустан айыгып чыкты. Айыккандар реаблитациялык борборго которулган.

"Ошондой эле Андижан жана Наманган облустарында 38 адам, Бухара жана Самаркандда 8 киши илдеттен айыкты", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 2 миң 217ни түзөт. Оорудан 1 миң 556 адам айыккан, 10 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий