• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 1 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Өзбекстандын Бухара облусунда коронавирустан 11 адам айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11 адам ооруканада чыгарылып, реабилитациялык борборго которулган. Алар буга чейин Россиядан Бухарага чартердик каттам менен алынып келинген. Анализдеринин жыйынтыгында коронавирус аныкталгандыктан карантинге алынган. Бейтаптардын баары эркектер, эң улуусу 57 жашта, эң кичүүсү 16 жаштагы өспүрүм.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда илдетти 1 миң 955 адам жуктурса, 1 миң 5 жаран айыккан. Каза болгондордун саны 8 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий