• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 3,8 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 3 миң 837ге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий-изилдөө институтунун клиникасынан жана Ташкент медициналык академиясынын көп тармактуу клиникасынан жалпы 79 бейтап коронавирустан айыгып, реабилитацияга жөнөтүлгөн.

Айыккан 79 адамдын ичинен 49у эркек жана 30у аял кишилер. Эң улуусу 64 жашта болсо, эң кичүүсү 5 жашта.

Пикир

Оставить комментарий