• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 5,7 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда Ташкенттеги 3 медициналык мекемеден 55 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 1 шаардык клиникалык ооруканасында 53, Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий-изилдөө институтунун клиникасында 1 жана Ташкент медициналык академиясынын клиникасында 1 бейтап коронавирустан айыккан.

Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын жалпы саны 5 миң 737ге жетти.

1-июль саат 17:00гө карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 8 миң 671ди түздү.

Пикир

Оставить комментарий