Өзбекстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 56га жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 56га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламатык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жаңы жугузуп алган жаран чет өлкөдөн келген адам менен байланышта болгон.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда COVID-19 илдетин алгачкы жуктурган учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий