• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 88 кишиге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 27.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 5 учур катталып, ооругандарданы саны жалпы 88 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки учур Фергана облусунда катталса, эки учур - Хорезм облусунда, дагы бир учур - Ташкент шаарында катталган.

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган аглгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий