• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирусту жуктурган кишилердин саны 173кө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 173кө жетти. Бул тууралуу шаршембиде өлкөнүн башкы санитардык инспектору Нурмат Отабеков билдирди.

Учурда Ташкенттеги Вирусология илим-изилдөө институтунун клиникасында 92 киши дарыланууда, 21 бейтаптын өпкөсү сезгенген, бешөөнүн абалы оор. Калган бейтаптар аймактарда эмдөөдөн өтүүдө.

Бул арада министрлик Фергана облусундагы 59 жаштагы бейтаптын абалы өтө оор болуп жатканын билдирди. Умрадан келген бул жарандан вирус 24-мартта аныкталган.

Бейтап гипертония, астма менен жабыркап жүргөн. Учурда ал жасалма жол менен дем алдыруучу аппаратка кошулду.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирустан 8 адам айыгып, экөө көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий