• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 1887ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 1887ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Сутка ичинде COVID-19 оорусу 22 жаранда аныкталган. Илдеттен 82 жаран айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

Өзбекстанда карантин режими 10-майга чейин узартылган. Бирок, 25-апрелден тарта айрым ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилген.

Бүгүнкү күндө өлкөдө илдеттен толугу менен 789 жаран айыккан. Каза болгондордун саны 8 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий