• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 33 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 33 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Podrobno.uz сайты жазат.

Коронавирусту дагы 9 адам жуктуруп алган. Алар буга чейин аталган илдетти жуктуруп алгандар менен байланышта болгон. Дагы бир учур чет жактан келген жарандан табылган.

“Учурда Өзбекстанда 1 миң бейтапты (коронавирусту жуктурган) дарылоого дары-дармектер, дарыгерлер жана башкалар жетиштүү. Ошондой эле президент кытайлык дарыгерлердин өлкөгө келүүсүнө шарт түзүп берүүнү тапшырган. Алар жакын арада келет”, - дейт Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Нурмат Отабеков.

Пикир

Оставить комментарий