• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1380ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктурган дагы 31 учур катталып, алардын жалпы саны 1380ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ташкенттин беш шаары: Чирчик, Алмалык, Бекабад, Янгиүл жана Ангренде сөзсүз түрдө обочолонуу режими киргизилген.

6-апрелден тарта аталган режим Ташкент шаары жана облустук борборлордо орногон. Ошондой эле 16-апрелде 30 бейтап ооруканадан чыгарылып, реабилитациялык борборго которулган.

Өзбекстанда илдеттен жалпы 129 адам айыккан. Каза болгондордун саны 4 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий