• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 504 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган 32 жаңы учур катталды. Өлкөдө илдетти жуктуруп алгандардын саны 504 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов илдетке кабылган учурдун жогорулашын тестти жүргүзүүнүн кеңейтилүүсү менен түшүндүргөн.

6-апрелден тарта Ташкент жана Нукус шаарларында милдеттүү түрдө обочолонуу режими киргизилген.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда COVID-19 вирусунан 30 адам айыгып, 2 адам каза болгон. Азыркы убакта 88 миңден ашуун адам карантинде калууда. Өлкөдө коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий