• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 694кө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 694кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жума күнү COVID-19 вирусу дагы 87 адамда катталган. Бүгүнкү күндө илдеттен 42 адам айыкса, коронавирусту жуктуруп алган 3 адам каза болду.

Өзбекстанда COVID-19 илдетин жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий